"Жерүй 300 миң сом бөлдү". 9-майда Таласта ат оюндары боюнча мелдеш өтөт

23 апреля 2021 15:29 2755 Barometr
Поделиться в:
ok

4-майдан 9-майга чейин Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата улуттук ат оюндары өтөт.

Маалым болгондой, ат оюундары Кыргыз Эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналат.

Жерүй алтын кенинин "Альянс Алтын" ишканасы "Бакубат Талас" өнүктүрүү фондунан улуттук спорттун түрлөрүн колдоо максатында,  көк бөрү боюнча жалпы байгеге 300 000 сом бөлдү.

Мелдештер ат оюндарынын төрт түрү - ат чабыш, эр-эңиш, көк бөрү жана салбурун боюнча өтөт.

Көк-бөрү турнирине Кыргызстандын жети дубанынын командалары, ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышат.

Алгачкы үч орундун ээлери дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Белгилей кетсек, "Бакубат Талас" фонду спортту, маданиятты жана башка иш-чараларды өнүктүрүүгө жыл сайын каражат бөлүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/9-majda-talasta-tch-oyundarynyn-bajge-fonduna-zherj-300-mi-som-blp-berdi



Добавить комментарий