Көк бөрү боюнча мелдешке “Бакубат-Талас” фонду 100 миң сом байгеге койду
Нооруз майрамына карата Таласта көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, 21-март күнү Талас районундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун жана Талас шаарынын командалары катышып, байге фондуна “Бакубат-Талас” өнүктүрүү фондунан жалпы 100 миң сом бөлүнүп, анын ичинен байге фондуна 72 миң сом коюлган.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана анын биринчи орун басары Канимет Осмонбеков, “Бакубат-Талас” өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары Бакыт Турсуналиев катышты.
Мелдештин жыйынтыгы менен:
1-орун Талас районунун командасы - 30 миң сом;
2-орун Талас шаарынын командасы - 20 миң сом;
3-орун Кара Буура районунун командасы - 13 миң сом;
4-орун Бакай районунун командасы - 7 миң сом;
5-орун Талас районунун экинчи командасы - 2 миң сом байгеге ээ болушту.
Добавить комментарий ×