26-декабрда мектеп курагындагы окуучулар үчүн президенттик балаты майрамы өтөт
Поделиться в:
26-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу жаңы жылдык балаты майрамы болот. Республикадан келген балдардын майрамына президент Сооронбай Жээнбеков катышат.
Белгилей кетсек, быйылкы жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.
Ссылка: https://barometr.kg/26-dekabrda-mektep-kuragyndagy-okuuchular-chn-prezidenttik-balaty-majramy-tt
Добавить комментарий ×