2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланды
Быйылкы 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.
Президент өткөн жылдагы негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды.
«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп белгиледи президент.
Ошондой эле 2018-жылы жасалган иштерге, реформаларга токтолуп, транспорттук, социалдык-инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлор, тышкы саясаттагы иш-аракеттер тууралуу айтып берип, региондорду өнүктүрүү иштери токтобостон, кийинки жылдары да улана турганын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyl-regiondordu-nktr-zhana-lkn-sanaripteshtir-zhyly-dep-zharyyalandy
Добавить комментарий ×