Зулпукаров: алгач эшик-төрүбүздү аныктап алалы

14 мая 2020 12:23 1056 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров чек арага жакын жайгашкан, өзгөчө статусу бар айылдарга жылыга эле мектеп, оорукана куруп бериш керек деп кыйкыра бербестен бул боюнча кабыл алынган мыйзам иштеши керектигин айтты.

“Баткендеги чек арадагы абалды биз көрүп жатабыз. Бул жерге оорукана куруп бер, мектеп куруп бер дебестен биз кабыл алып берген мыйзам бар — чек ара айылдарына өзгөчө статус берүү боюнча.  Андан сырткары мамлекеттик программа да бар. Ошол мыйзам менен программа иштебей жатат. Ошол мыйзамдын иштешине өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Мына кыскартууларды алып келебиз, бул жерлерге кыскартуу болбош керек. Делимитация, демаркация бүтүп инженердик жумуштар баштала турчу жерлер бар. Ал жерге зым торлорду тартуу керек. Тоо кыркалары болобу, дарыянын жээктери болобу ага акча бөлүп берүү керек. Мурда 10 млн сомдон бөлчү элек азыр 100 млн жакын акча бөлөбүз деген сунуштар бар эле. Биз чек араны, эшик төрүбүздү аныктай албасак анда кошуналар менен мамилени оңдой албайбыз. Тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы урушууну каалабайт. Чек арачылар чек араны коргош үчүн чек ара аныкталыш керек. Азыр алар дипломат болуп иштеп жатат да. Ошондуктан чек арада өзгөчө статус алган айылдарга мыйзамда каралган акчаларды толук бөлүп берүү керек. Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз, 0мындан башка үйүбүз жок да. Андыктан эшик-төрүбүздү аныктай албасак анда кыйын болот”, — деди депутат.

Эске салсак, май айынын башында Баткендин Чек аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган тургундар кагылыша кеткен. Тажик чек арачылар Кыргызстан тарапка минометтон ок атып, үч чек арачы ар кандай жаракаттарды алган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/zulpukarov-chek-araga-zhakyn-zgch-status-algan-ajyldar-tolugu-menen-karzhylanyshy-kerek



Добавить комментарий