Жылдыз Мусабекова: "Министрлер алыскы аймактарга бара жатканда жар салбай эле барсаңыздар, элдер жолдорду тазалап, даярданып коюп жатышат"

24 января 2019 12:01 1653 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Өзгөрүш-Ат-Башы жолунда жүргөндөргө төрөткананын кереги жок. Аялдар жетпей эле жолдон төрөп коюшат. Жолдун абалы өтө начар деди депутат Жылдыз Мусабекова. Бул тууралуу ал бүгүнкү 24-январда болуп жаткан парламенттик жыйында Транспорт министрине талапкер Жанат Бейшеновго  маселени эске алуу максатында билдирди. 

"Менин сунушум, ишиңизди баштаарда алыскы аймактардагы жолдордун абалдарына көңүл бурсаныз жакшы болот эле. Бара жатканда дагы "Мен баратам"-деп элдин баарына жар салбай эле барсаныз. Антпесе элдер, көчөлөрдү шыпырып, таштарды терип, министр келе жатат деп даярданып коюп жатышат"-деди. 

Депутат айымдын сунушун Жанат Бейшенов "Эске алабыз"-деп жооп берди. 

Эске салсак, бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Учурда ар кандай маселелер каралууда.

Күн тартипке ылайык, жыйында 10 маселе каралат. Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.

Андан сырткары, "Үрөн жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.


Ссылка: https://barometr.kg/zhyldyz-musabekova-ministrler-alysky-ajmaktarga-bara-zhatkanda-zhar-salbaj-ele-barsayzdar-elder-zholdordu-tazalap-dayardanyp-koyup-zhatyshat



Добавить комментарий