Кыргыз-тажик чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканы айтылды
Чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен болгон кезектеги жыйында эки тараптуу сүйлөшүү оор жүрүүдө. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, кыргыз делегациясын баштап барган УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өз позициясын бекем кармап турганы айтылат.
“Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек аралары боюнча Тажикстан мамлекетиндеги сүйлөшүүлөрү 3 күндөн бери уланууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, Кыргызстандык делегациянын башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бекем позицияда турганы белгилүү болду”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөргө кыргыз делегациясын мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп, 15-март күнү Тажикстанга жөнөп кетишкен.
Добавить комментарий ×