Ташиев Сох анклавына коридор берүү боюнча маалыматка түшүндүрмө берди

15 марта 2021 17:01 4178 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Сох анклавынан каридор берүү жөнүндө сөз болгон эмес жана болбойт дагы” деген оюун айтты. Бул тууралуу Ташиев бүгүн, 15-мартта Баткен облусунун Самаркандек айылында эл менен жолугушуу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Сох анкавына жол ачып, коридор берүү тууралуу такыр сөз болгон эмес. Болгону өткөрүү пунктунан өтүүдө жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу жөнүндө сөз болгон. Бүгүнкү күндө, чек ара маселесин чечүү биздин мамлекет үчүн гана эмес, коңшу мамлекеттер үчүн дагы зарыл. Коңшу мамлекеттер да бул маселени чечүүгө кызыкдар деп эсептейм», - деди Ташиев.

Ал эми, Ташиев алдыдагы иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча тажик тарап менен боло турган жолугушуудан жылыш күтүп жаткандыгын айтты.

Эл менен жолугушууда ал чек арадагы жерлер жергиликтүү калктын менчиги эмес, мамлекеттин менчиги экендигин айтты. Ташиев чек араны демаркациялоо боюнча иштин алкагында аймактарды алмашуу мүмкүн экендигин четке каккан жок.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулары кабарланган. Кыргызстандын делегациясын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеп барары белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-soh-anklavyna-koridor-ber-boyuncha-maalymatka-tshndrm-berdi



Добавить комментарий