Жолдошбаев: "Коррупциядан түшкөн акчага тик учак сатып алып, карышкырларды кубалап аталы да этин Бишкекке алып келели"
Поделиться в:
Коррупциянын эсебинен тик учак сатып алып, Ат-Башыдагы көбөйүп жаткан карышкырларды кубалап атпайлыбы деди депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүнкү 24-январда парламенттеги жыйында.
"Нарындагы Ат-Башы районундагы акимдер, губернаторлор жана айыл өкмөттөр чарчап-чаалыгып калганбы, көбөйүп жаткан карышкырларга алдары жетпей калышыптыр. Коррупциядан чогулган акчага тик учак сатып алып, карышкырларды кубалап атпайлыбы? Кандай дейсиздер? Алар биздин туугандар эмес да"-деди Жолдошбаев.
Ошондой эле депутат карышкырлар күнүнө бештен жылкы жеп жаткандыгын айта кетти.
Добавить комментарий ×