Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунду ээледи

18 октября 2021 13:49 6976 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын грек-рим стилиндеги балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтинге 3-орунга чыкты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жаңыртылган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен чыгарылды.

Осло шаарында кыргызстандык 60 кг салмакка чейинки балбандар арасында күч сынашып, финалга чыккан жана 2-орунду ээлеп, күмүш медаль алган.

Бул жыйынтык менен кыргызстандык 40 упай топтоп жана дүйнөлүк рейтингдеги 13-орундан 3-орунга жылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zholaman-sharshenbekov-djnlk-rejtingde-3-orundu-eeledi



Добавить комментарий