Кыргызстандын волейбол боюнча чемпиону аныкталды
Поделиться в:
Кыргызстандын Улуттук лигасынын волейбол боюнча эркектер командасынын арасында Ош областынын «Отор» клубу чемпион болду.Бул тууралуу социалдык тармактагы “Кыргыз волейболу” баракчасына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
1-4-орунда үчүн турнирде «Отор», «Сулайман-Тоо», EREM жана «Аксы» командалары беттешти.
«Отор» командасы баардык үч беттешти утуп чыгып Кыргызстандын жаңы чемпиону болуп калды. Экинчи орунду «Сулайман-Тоо», үчүнчү орунду EREM командалары ээледи.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-volejbol-boyuncha-chempionu-anyktaldy
Добавить комментарий ×