Көк бөрү боюнча чемпионат өтүп жатат
Поделиться в:
18-октябрдан 24-октябрга чейин Чүй областынын Сокулук районундагы «Белек» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Баардыгы болуп 7 област, 2 шаардан 9 команда оюнда ат салышууда.
18-октябрда болуп өткөн оюндун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй упайлар чыгарылды:
- Чүй областы 10:3 Бишкек,
- Талас областы 6:0 Ысык-Көл областы,
- Ош областы 15:4 Жалал-Абад областы.
Чемпионат Көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына арналып уюштурулду.
Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-boyuncha-chempionat-tp-zhatat
Добавить комментарий ×