Жогорку Сот Каныбек Осмоналиевди күнөөсүз деп толук актады
Мурдагы Билим Берүү министри жана экс-депутат Каныбек Осмоналиевди Жогорку Сот толук актады. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев өзү Фейсбуктагы жеке баракчасына жарыялады.
Ал: "Жогорку соттун адилет чечими менен толук акталдым! Ушундай эле болуусу керек эле!"-деп жазды.
Эске салсак, Каныбек Осмоналиевдин соту 2018-жылдын 15-октябрында болуп, анда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деп тапкан жана анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарган.
Белгилүү болгондой, прокуратура Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган болчу.
Толук күнөөсүз деп табылганына айрым коомчулук куттуктоолорун билдирсе, көптөрү Кыргызстанда дагы адилеттүү сот барбы?-деп таң калгандарын жашырбагандар дагы болбой койгон жок.
Окуянын чоо-жайы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан.
2018-жылы мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.
Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-kanybek-osmonalievdi-toluk-knsz-dep-aktady
Добавить комментарий ×