Экс-депутат Каныбек Осмоналиев акталды
Поделиться в:
Бүгүн экс-депутат Каныбек Осмоналиев күнөөсүз деп табылды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда чыкты.
Эске салсак, прокурор Бакыт Доктурбеков мурунку депутат Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган болчу. Ал эми Каныбек Осмоналиев жана анын жактоочусу кылмыштын курамында жок болгондугун айтып, актоону өтүнүшкөн.
Сот Эмил Каипов акыркы актоочу өкүмдү окуду. Мурунку депутаттын күнөөсү далилденбеген үчүн акталды.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-kanybek-osmonaliev-aktaldy
Добавить комментарий ×