Прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну суранды

12 октября 2018 16:56 3093 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-октябрда  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин соттук отуруму уланды. Анда прокурор Бакыт Доктурбеков  соттолуучуну күнөөлүү деп табуу менен бирге 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке  кайтарууну өтүндү.  

Эске салсак, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши 2014-жылы ачылган. Башкы прокуратуранын билдиришинче,  Кыргыз-орус славян университетине 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган. Ал үчүн Осмоналиев 14 миң  доллар өлчөмүндө пара алган деп айып тагылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/prokuratura-zhogorku-keeshtin-murdagy-deputaty-kanybek-osmonalievdi-15-zhylga-erkinen-azhyratuunu-surandy



Добавить комментарий