Жогорку Кеңештин депутаттарына коронавирустан улам чет жакка сапарга чыгууну токтото туруу сунушталды

11 марта 2020 10:35 673 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда коронавирус 112ден ашык мамлекетке жайылганын айтып, бир катар мамлекеттер аткаминерлерге чет жакка чыгууга чектөө киргизгенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Франция, Испания, Ирандын депутаттары бири-бирине  жугузуп жүрөт. Бизде айрм депутаттар ошого карабастан иш-сапарларга чыгып жатат. Сиз тыюу салбайсызбы, болбойт го, алар бул жакка келет да, Германияда жүрүшөт. Ал жакта миңден ашык кишиге жуккан. Иш сапраларды токтотолу, туура болот го. Келгенден кийин карантинге жатсын, Ушундай буйрук чыгарсаңыз жакшы болот эле”, — деп Бекешев төрагага кайрылды.

Өз кезегинде Дастан Жумабеков учурда республикалык штаб иштеп жатканын айтып, Жогорку Кеңеш дагы айрым чектөөлөрдү киргизгенине токтолду.

“Биз дагы азыр Жогорку Кеңешке четөө киргизип жатабыз. Конокторду кабыл алчубуз, айылдык кеңештердин депутаттары, окуучуларды, студенттерди кабыл алчубуз. Аларга убактылуу чектөө киргиздик. Андан сырткары депутаттардын сапарларын токтотууга аракеттерди көрүп жатабыз. Айрым депутаттар чет жакка эл аралык уюмдар менен чыгып жатат. Аларга дагы эскертүү беребиз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча вирустан каза болгондордун саны 4 миңден ашты. Ал өзгөчө Кытайдан тышкары Италия, Иран, Түштүк Корея мамлекеттеринде тездик менен жайыылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattaryna-koronavirustan-ulam-chet-zhakka-saparga-chyguunu-toktoto-turuu-sunushtaldy



Добавить комментарий