Италияда коронавирус 631 кишинин өмүрүн алды

11 марта 2020 09:16 914 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 631 кишиге жетти. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча вирустан 4289 киши каза тапты. Анын басымдуу бөлүгү Кытайга (3 158 киши) туура келет. Андан кийинки орунда Италия (631), Иран (291) турат.

Ошол эле маалда вирус 117 715 кишиге жукканы расмий ырасталып, 65893 киши оорудан айыкканы айтылууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматына ылайык, вирус 100дөн ашык мамлекетке жайылган.

Кайсы мамлекетте канча киши каза болду?

Түштүк Корея – 60;

Испания – 36;

Франция – 30;

Германия – 2;

АКШ – 26;

Diamond Princess кемеси – 7;

Япония – 12;

Швейцария – 3;

Нидерланддар – 4;

Улуу Британия – 6;

Гонконг – 3;

Австралия – 3;

Канада – 1;

Сан-Марино – 2;

Египет – 1;

Таиланд – 1;

Лисабон – 1;

Филиппиндер – 1;

Аргентина – 1;

Морокко – 1;

Панама – 1.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-koronavirus-631-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий