Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги чырдан жабыркангандарга 25 миң сомдон көмөк көрсөтөт

7 мая 2021 10:38 942 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊешинин депутаттары 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыр тарткандарга ар бири 25 миӊ сом өлчөмүндө жардам берет. Бул каражат эл өкүлдөрүнүн айлык акысынан бөлүнөт. Бул боюнча кечээ, 6-майда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусундагы чек арада абал туруктуу. Чыр чыккан айылдарды милиция кызматкерлери толук көзөмөлдөп жатышат.

Эске салсак, 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болуп, ок атылган. 

Анда 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам көз жумган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattary-batkendegi-chyrdan-zhabyrkangandarga-25-mi-somdon-kmk-krstt



Добавить комментарий