Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчетун канааттандырарлык деп тапты

17 апреля 2019 18:29 1033 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой  эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзамдуулуктун сакталышын күчөтүүгө чакырды. Ошону менен катар жасалма документтер менен жер берүү маселеси стихиялуу түргө өтүп жаткандыгын эскертип,көзөмөлгө алуу керектигин билдирди. Депутат Таалайбек Масабиров майып жарандардын коомдук жайларда кызмат алуулары боюнча мыйзамдардын аткарылышына басым жасалышы керектигине токтолду. Депутат Сайдулла Нышанов өзгөчө адам укугунун корголушунда этияттык мамиле жасоо, башка күч органдарында мыйзам сактабаган кызматкерлерге көзөмөлдү күчөтүүнү өтүндү. «Ар кандай шылтоолор менен кылмыш ишин козгоого аракет кылган жагдайлар бар экен. Буга көзөмөл күчөтүлбөсө элдин нааразычылыгы арбып, түрдүү кесепеттерге алып келбесин»,- деп эскертти депутат Чыныбай Турсунбеков. Укук коргоо органдары киреше жөнүндө ойлонбошу керектигин белгилеген депутат Акылбек Жапаров мунун аркасында пайыздык үлүш келет деп мыйзам бузууларга жол болушу мүмкүндүгүн айтты. Укук коргоо органдарына керек болгон каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүп берилиши зарылдыгын айткан А.Жапаров Башкы прокуратура менен парламент ушул сыяктуу жагдайлардын чечилиши үчүн бирегелешип мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-bashky-prokurordun-otchetun-kanaattandyrarlyk-dep-tapty



Добавить комментарий