Базар-Коргондо мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды

15 сентябрь 2025 17:24 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Базар-Коргон шаарындагы «Каныкей» соода борбору жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу келишимдеринин негизинде жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башы прокуратуранын Басма сөз кызматы билдирди.

Архивдик документтерди салыштырып көрүүдө, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыгарылган буйруктардын каттоо журналында «Каныкей» соода борборуна байланышкан чечимдер катталбаганы, ал эми көрсөтүлгөн буйруктун таптакыр башка адамга тиешелүү экени такталды. 

Ошондой эле райондук архивдик фонддо да бул объект боюнча эч кандай буйрук жок болуп чыкты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 346-беренеси "Кызматтык жасалмачылык" менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgondo-mamlekettik-mlk-myjzamsyz-satylyp-ketkendigi-anyktaldy



Добавить комментарий