Жоголуп кеткен 15 жаштагы Хадичанын сөөгү суу сактагычтан табылды
Изделип жаткан 15 жаштагы Хадича Болотбекованын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Анын сөөгү 21-сентябрда түштөн кийин Ысык-Ата районундагы Серафимовка менен Туз айылдарынын ортосунда жайгашкан суу сактагычтан табылды.Туугандары кыздын сөөгүн таанышты.
Милиция кызматкерлери кыздын денесинен зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилерди табышкан жок. Укук коргоо органдары жагдайды териштирип жатышат.
Эскерте кетсек, Хадича 15-сентябрда Ысык-Ата районундагы Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Тынчсызданган жакындары милицияга кайрылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogolup-ketken-15-zhashtagy-hadichanyn-sg-suu-saktagychtan-tabyldy
Добавить комментарий ×