Ысык-Көлдө эркек кишинин сөөгү табылды
Поделиться в:
Ысык-Көлдө эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Бүгүн эртең менен саат 07:20да Балыкчы шаарындагы пляждын жанында көлдөн 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.Каза тапкан жарандын ким экени такталууда.
Кырсык болгон жерге үч куткаруучу барып, каза тапкан адамдын сөөгүн суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-erkek-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×