Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирусту жеңди

27 июня 2020 16:21 1013 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Барометр» анын социалдык баракчасына таянып билдирет.

Анда Нуракун уулу коронавирусту жеңип, үйүнө чыгарылып жатканын белгилейт.

«Урматтуу туугандар, тогуз күн дегенде Кызыр экөөбүз Токмоктогу оорукана, андагы алтын врачтардын жардамы менен ковидди жеңип чыктык. Орунду ээлебей мындан ары үйүмө барып жатмак болдум, доктурлар азыр эле уруксат берди. Эки күндөн кийин анализибиз чыгат. Таза чыгат деп үмүттөнүп жатабыз. Себеби, жыт сезүү кайтып келди, көк жөтөл басылды», - деп жазган ал.

Ошондой эле ал коронавирус инфекциясын жаштар жеңил көтөрөөрүн белгиледи.

«Жаштар үчүн ковид грипптей эле жеңил өтөт экен. Коркпоңуздар! Менден көп досторум эмне дары ичтиң деп сурап атышат. Жөн гана жөтөлдүн дарысын ичтим. Эң негизгиси башкаларга жугузбай обочо дарыландым», - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 18-июнда ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жугузуп алганы белгилүү болгон

Бүгүн дагы президенттин аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Илдет жуккан 9 кызматкердин ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар. Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Ссылка: https://barometr.kg/zhknyn-basma-sz-kyzmatynyn-zhetekchisi-koronavirustu-zhedi



Добавить комментарий