Президенттин аппарат жетекчиси баш болгон дагы 9 кызматкерден вирус аныкталды

27 июня 2020 13:50 1360 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттин аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Жакында эле президентинин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышкан. Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.

Ссылка: https://barometr.kg/apparat-zhetekchisi-dosaly-esenalievden-dagy-koronavirus-infekciyasy-anyktaldy



Добавить комментарий