“Альянс Алтын” компаниясы Талас облусун өнүктүрүүгө жалпы 900 млн сом бөлгөн

29 августа 2022 13:26 3188 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Талас облусун өнүктүрүүгө “Альянс Алтын” фонду аркылуу 900 миллион сом бөлгөн.

Социалдык-экономикалык муктаждыктар үчүн гранттык жардамдын көлөмү 280 миллионду түзсө, 470 миллиону айыл чарбасын жана бизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя түрүндө банктар аркылуу бөлүнгөн.

Облустун бардык 37 айыл өкмөттөрүнө жана Талас шаарына инфраструктураны өнүктүрүүгө – жарыктандырууга, таза сууга, каналдарды, мектептерди, бала бакчаларды, ФАПтарды оңдоо жана башка долбоорлорго каражат бөлүнгөн. «Альянс Алтын» компаниясынын кайтарымсыз жардамынын аркасында көптөгөн мекемелер материалдык-техникалык базасын чыңдап, капиталдык оңдоо иштерин жүргүзө алышты.

Жалпысынан социалдык-экономикалык долбоорлорго 306 миллион сом бөлүнгөн.

Анын ичинен 264 миллиону кайтарымсыз, 42 миллиону пайызсыз насыя түрүндө берилип, айрыкча Талас районунун дыйканчылык жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө салым кошкон:

Айыл чарбасына 57 миллион сом бөлүнгөн;

53 млн сом - билим берүүгө;

42 миллион сом - өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө;

38 миллион сом - саламаттыкты сактоого;

26 миллион сом - маданиятты өнүктүрүүгө;

25 миллион сом - административдик жана укук коргоо органдарына;

21 млн сом - инфраструктураны өнүктүрүүгө;

18 млн сом - социалдык колдоо катары;

18 миллион сом - дене тарбия жана спортко;

8 млн сом – таза суу үчүн.

Өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча алты долбоор жактырылды. 

Кең-Арал айылына кирпич чыгаруучу заводдун курулушуна 5,5 миллион сом, Манас жана Талас айылдарына тигүү цехтерин ачууга 4,5 миллион сом, айылдагы майда таш чыгаруучу ишканага 1,5 миллион сом бөлүнгөн. 

Ак-Дөбөнүн Бакыян айылында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү цехти каржылаган.

Ак-Дөбөконушунда кант заводун ачууга 30 миллион доллар бөлүнгөн.

Жалпысынан 3728 адам жеңилдетилген насыя алган. Акыркы 150 миллион транш бир жылдын ичинде ишке ашырылат.

Эске салсак, «Альянс Алтын» фондун Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы каржылайт.Фонд аркылуу Талас районунун социалдык долбоорлорун ишке ашырууга, жолдорду, мектеп, бала бакчаларды, суу каналдарын курууга, кичи жана орто бизнести насыялоого жана башкаларга каражат бөлүнүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-kenin-ishtetch-alyans-altyn-kompaniyasy-talas-oblusun-nktrg-900-mln-som-blgn



Добавить комментарий