Жергиликтүү кеңештин 20 депутаты Жерүй кенинин иши менен таанышты

26 августа 2021 19:14 1856 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас районунун Бекмолдо айыл кеңешинин 20 депутаты бүгүн, 26-августта Жерүй алтын кенине барышты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жерүй кенин иштетүүчү «Альянс-Алтын»-компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов кенден жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу депутаттарга айтып берди, аларга алтын чайкоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды көрсөттү.

Анын айтымында, 17-марттан тартып бул жерде алтын казылып жатат, бүгүнкү күндө 1 500 кг алтын казылып алынды. Кыргызстандын Улуттук банкына 1 200 кг аффинаждалган алтын сатылды. Ишканада 1 200 адам иштеп жатат.

Депутаттар ишкананын калдык сактоочу жайынын экологиялык коопсуздугуна байланыштуу суроолорду беришти. Экологдор калдык сактоочу жай беш катар коргоого- чопо, геотекстиль, геомембрана, геотекстиль жана кайрадан чопо менен коргоого алынганын айтышты.

“Баардык материалдар жогору сапаттуу, калдык сактоочу жай апта сайын текшерилип турат. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бекмолдо айылынын тургундарынын катышуусу менен комиссия түзүлүп турат”,-деп белгилешти экологдор.   

Андан соң тегерек стол болду, депутаттарга ишканадагы 60 пайыз жумушчулар жергиликтүү тургундар экенин, алардын орточо айлык акысы 59 миң сомду түзөрүн айтышты.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду талкуулашты, бул долбоорду «Алтын Альянс» каржылоого ниеттенип жатат.

20-августка карата «Альянс Алтын» компаниясы «Жерүй» долбоорун иштетүүдөн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге жалпы 2 млрд 781 миң сом төгүп берген.

Алардын ичинде алтын сатуудан компания 902 млн сом киреше тапкан. Компания 93 млн сомдон ашык каражатты Талас облусунун жергиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана каржылоого жумшаган.




Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-keeshtin-20-deputaty-zherj-keninin-ishi-menen-taanyshty



Добавить комментарий