«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

27 июня 2024 15:33 Barometr
Поделиться в:
ok

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү.

Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Жоламан Шаршенбеков жана Дүйнө чемпионатына катыша турган Ислам Орозбеков менен Раззак Бейшекеевдер сыйланышты.  

“Альянс Алтын” компаниясы 2023-жылдын июнь айынан тартып “Талас облусунун балбандары” мекемеси менен кызматташаарын компаниянын басма-сөз кызматынын жетекчиси Касиет Карачолокова билдирди: “”Талас облусунун балбандары” мекемесине демөөрчүлүк кылып баштаган бир жыл аралыгында “Альянс Алтын” өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте 11,6 млн сом каражат жумшаган. Аталган мекеменин кайрылуусунун негизинде 2023-жылы Дүйнө чемпионатына бараар алдында 3 млн сомго жакын каражатты витамин, спорттук кийимдерине которгон жана чемпионатта алдыңкы орунду алган Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына авто унаа калгандарына 100 миң сомдон берилген. Бул ирээт да мекеменин кайрылуусу менен Париж олимпиадасынын алдында витаминдерине деп 100 миң сомдон жана спорттук кийимдер менен камсыздадык. Андан тышкары жалпы эле спорт тармагына колдоо көрсөтүү ирээтинде КРнын Улуттук Олимпиада комитетине 3 жыл аралыгында 6 млн сом каражат которулган” -, деди Касиет Карачолокова.

Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү «Альянс Алтынга» ыраазычылык билдирип, компания бир гана спортко колдоо көрсөтпөстөн, Талас облусунун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-olimpiadaga-bara-turgan-talas-oblusunan-chykkan-sportchularga-koldoo-krstt



Добавить комментарий