Жерүй кенин иштетүүчү Таластын жашоочуларына арзан баада көмүр сатып алууга 557 500 сом бөлдү

18 ноября 2021 18:39 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясы "Бакубат Талас" фонду аркылуу 557  500 сомду калк үчүн көмүр сатып алууга бөлдү.

Көмүрдү Кара-Кече кенинен алып келишет жана калк үчүн тоннасын 4 миң сомдон сатышат. Ар бир сатып алуучуга 500 килограммдан ашпаган көмүр берилет.

Каражатты көмүр алып келип жана калкка арзан баада сата турган ишкерлерге бөлүп беришти.

Мындай чаралар калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздоо үчүн кабыл алынды.

Бүгүн,18-ноябрда жүк унаалары Таластан Кара-Кечеге кетишти.Колоннаны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери коштоп барат.

Жүк унааларын областтык администрациянын жетекчилиги узатты.

Мындан тышкары Талас областтык администрациясы Казакстан менен 100 тонна көмүр жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-kenin-ishtetch-talastyn-zhashoochularyna-arzan-baada-kmr-satyp-aluuga-557-500-som-bld



Добавить комментарий