Жээнбеков: Жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерге айлыкты жогорулатабыз
Поделиться в:
Бүгүн, 11-апрелде парламенттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлыгы жогорулай турганын убада кылды.
Анын айтымында азыркы учурда өкмөт өзүнүн эсебин жүргүзүп жатат.
“Биз медиктердин айлыгын көтөрдүк, эми мугалимдердин айлыгын жогорулатабыз. Азыр бул маселе башында премьер-министр турган өкмөт тараптан каралууда. Кудай буюрса жаңы окуу жылынан тартып мугалимдердин айлык акысы жогорулайт”,-деп убада берди президент.
Ошондой эле президент мамлекеттик кызматкерлердин дагы айлыгын жогорулатуу зарыл экенин белгилеп өттү.
Добавить комментарий ×