Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, ыраазычылыгын билдирди

4 июля 2020 09:30 600 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу учурдагы коопту мамеселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды.

Жээнбеков Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин 1-июлда Владимир Путинге РФнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2-июлда Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келген. Анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөөрүн Кубатбек Боронов билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-putin-menen-sjlshp-yraazychylygyn-bildirdi



Добавить комментарий