Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россиядан делегация келди
Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кечее, Россиянын жооптуу кызматкерлеринен турган делегация Кыргызстанга келди. Делегацияны Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский жетектеп келди.
“Делегациянын келиши жакынкы арада Сооронбай Жээнбековдун Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп саналат”, - деп белгиледи премьер-министр.
“Биз үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россиянын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт. Мындан тышкары биздин эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат», - деди Боронов.
Добавить комментарий ×