Жээнбеков Жогорку Кеңешке шайлоону 4-октябрга белгиледи

3 июля 2020 09:53 1316 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков «КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Конституциянын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана «КРнын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

КРнын жаңы чакырылыштагы ЖКнын депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо чараларды көрсүн;

Шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылсын.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyrgyz-respublikasynyn-zhogorku-keeshinin-deputattaryn-shajloonu-dajyndoo-zhnnd-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий