Жээнбеков алыскы аймактарга таза суу алып баруу менен миграцияны токтотууга болорун айтты

20 февраля 2020 17:08 768 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп жатып, учурдагы бийлик Кыргызстандын ар бир аймагын таза суу менен камсыздоо боюнча ишке кызуу киришип жатканын билдирди.

Андыктан элди таза суу менен камсыздоо мамлекеттин саясатындагы өзгөчө маани берилген артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

“Акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болду. 2024-жылга чейин 715 айылга курулуш иштерин бүтүрүп, таза суу инфраструктурасын жаңыртабыз. Жалпылап айтканда жакынкы беш жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, — деди ал.

Андан сырткары эл аралык финансы институттарынын каржылоосу менен 33 миллиард сомдук финансы булактары аныкталганын кошумчалады.

“Инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат. Негизинен гранттык элементтер менен узак мөөнөттөгү насыяларды алып жатабыз. Бюджеттен дагы каражат каралып, таза сууга 500 миллион сомго чейин көбөйдү”, — деди президент.

Жээнбеков ал эмне үчүн таза суу маселесине көп токтолуп, ар бир жыйында айтып жатканын төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Таза суу бул калкыбыздын, балдарыбыздын ден соолугу, улутубуздун саламаттыгы. Эгерде айылдарда таза суу болбосо каяктагы экономика, каяктагы туризм, каяктагы өндүрүш? Таза суу жок жерге ким келмек эле? Кайсы турист келет, кайсы өндүрүш салынат. Турист келмек турсун таза суу жок жерден кеткендер көбөйүп жатат. Биз ушуну токтотушубуз керек, таза суу алып келсек миграция токтой баштайт, өндүрүш иштейт. Ишкерлер барат, туристтер дагы келип, аларга шарт түзүлөт. Ошон үчүн мамлектибиздин элибиздин, балдарыбыздын келечеги болгону үчүн буга өзгөчө көңүл буруп, өз көзөмөлүмдө турат”, — деди президент.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-alysky-ajmaktarga-taza-suu-alyp-baruu-menen-migraciyany-toktotuuga-bolorun-ajtty



Добавить комментарий