Жаңы жылдагы биринчи жолугушуу. Президент менен премьер санариптештирүүнү талкуулады

3 января 2020 15:37 1704 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Анда 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылык берилген багыттарды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, жыл жаңыргандан кийин президенттин сайтынан тарта өкмөт менен бир нече министрликтердин сайттары иштебей калган. Себеби, gov.kg доменине акча убагында төлөнгөн эмес. Кийин маселе чечилгенден соң сайттар иштей баштаган. Эске салсак, президент быйылкы жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаган болчу

«2020-жылы Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында облустарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деди Жээнбеков.

Өз кезегинде Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhyldagy-birinchi-zholugushuu-prezident-menen-premer-sanaripteshtirn-talkuulady



Добавить комментарий