Сооронбай Жээнбеков жаңырган жылды балдарды колдоо жылы деп жарыялады

1 январь 2020 12:23 2459 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда айтылат.

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат. Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков андан сырткары адам үчүн бала — жашоонун маңызы экенин белгилеп, ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даярдыгын билдирди.

"Балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Ушул максатта 2020-жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоону чечтим", — деди Жээнбеков.

Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүлүп, артыкчылыктуу багыт катары аныкталат.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-zhayrgan-zhyldy-baldardy-koldoo-zhyly-dep-zharyyalady



Добавить комментарий