Жапаров: Миңдеген мекендештерибизди өлкөгө кайтарып, жаңы иш орундарын түзүп беребиз

28 января 2021 11:44 2077 Barometr
Поделиться в:
ok

“Миңдеген мигранттарды өлкөгө кайтаруу менин милдетим деп билем”, -  деди Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда Улуттук филармонияда инаугурация салтанатында сөз сүйлөп жатып.

 Бир канча жылдан бери элдин күтүп келген кыялы орундалып, өлкөдө ири проектер башталары айтылды. Алардын сап башында Камбар-Ата, Сарыжаз ГЭСтеринде иш орундар түзүлүп, чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү айтылды.

“Элимдин күтүп келген үмүтү акталат. Бул жолу элдин жеңиши уурдалбайт. Мен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн тыным албай иштеп берүүгө убада берем”, - деди Жапаров.

Эске сала кетсек, ант берүү аземин чагылдырууга журналисттер киргизилген жок. Баардык ММК өкүлдөрү коомдук каналдын түз алып берүүсү аркылуу гана элге маалымат жеткирип жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-midegen-mekendeshteribizdi-lkg-kajtaryp-zhay-ish-orundaryn-tzp-berebiz



Добавить комментарий