Садыр Жапаровдун ант берүү аземин чагылдырууга катыша албай турган журналисттер нааразы

26 января 2021 18:18 5715 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине журналисттердин киргизилбей калышы ММКнын өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты.

Бүгүн, 26-январда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү журналисттер инаугурация аземин чагылдыруу үчүн киргизилбей турганын кабарлашты.

Маалым болгондой, ант берүү аземине айрым тандалма ММКнын жетекчилери гана чакырылган.

Бул маалымат көпчүлүк журналисттердин нааразычылыгын жаратып, бул да болсо сөз эркиндигине болгон басым деп түшүнүштү. Айрым журналисттер өлкөнүн эң орчундуу окуясын эркин журналисттер аркылуу элге жеткирүүгө бөгөт койгон президенттин аппаратынын басма сөз кызматына да нааразы пикирлерин билдиришти.

Бул тууралуу, elgezit.kg электрондук гезитинин редактору Семетей Аманбеков да өз оюн билдирди. 

"Учурда мага эң көп берилген суроо "инаугурацияга чакырылдыңбы" деп сурап жатышат. Менин жообум - журналисттерди аккредитациялоо болгон эмес, бирок инаугурацияга алдыңкы ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын башчылары конок катары гана чакырылганы маалым болду.

Алар мени чакырган жок. Анткени эркин журналисттер алар үчүн ыңгайсыздыкты жаратышы мүмүкүн. Чындыкты айткандар бүгүнкү күндө кадыр-баркка ээ эмес. Бирок, моюнга алам, мен буга капа болгон деле жокмун", - деп жазды Семетей Аманбеков соцтармактагы баракчасына.

Ал эми, super.kg порталынын журналисти Жылдыз Джускембаева ант берүү аземине ММК өкүлдөрүнүн чакырылбай калышына нааразы болуп, тарыхый учурду элге жеткирүүгө журналиттер чакырылышы керек болчу деген пикирин айтты. 

"Мен президенттин аппаратынын маалымат кызматына эки күн мурун аккредитациядан өтүп коюу үчүн чалганмын. Бирок, алар азырынча тактала электигин айтып, өздөрү байланышабыз дешкен. Анан бүгүн, 26-январда тактап коюу максатында чалсам, журналисттер киргизилбей турганын айтышты. Бул албетте орчундуу учурду түз чагылдырууга болгон тоскоолдук деп түшүнөм. 

Мен буга чейинки президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышкам. Жээнбековдун инаугурациясы мамлекеттик "Ала Арча" резиденциясында өткөн. Ал жерде журналисттер үчүн атайын бөлмө дайындалып, тарыхый учурду элге жеткирүүгө шарттар түзүлгөн. Ант берүү аземи аяктаган соң, келген коноктордон маек алып, учурду түз чагылдырып турганбыз", - деп түшүндүрдү super.kg порталынын журналисти Жылдыз Джускембаева.

Ал эми, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү коронавирус илдетинен улам ушундай чечим кабыл алышканын айтып, журналисттер үчүн коомдук телеканал аркылуу түз алып беүү болорун, ошол жактан карап чагылдырууга толук мүмүкүн экенин айтышты.

Коомдук активист Руслан Акматбек да соцтармак аркылуу президенттин ант берүү аземине журналисттердин катышпай калышына нааразычылыгын билдирди. 

"Инаугурацияга эпидемиологиялык  кырдаалга байланыштуу журналисттер чакырылбаптыр. Түй ата, көрсө коронавирусту журналисттер таратып жүрүптүр да. Шайлоого чейин журналисттер коопсуз болуп эми кандай кооптуу болуп калышты же азыр аныкталыптырбы?", - деп суроо салды ал. 

Ошону менен катары эле, "Барометрдин" жамааты да президенттик аппараттын маалымат кызматынын мындай чоң иш-чараны өткөрүүдө тажырыйбасы жок экенин көрсөтүп койгонун айтышты. Биздин редакциянын журналисттеринин айтымында, ММК өкүлдөрүн алдыңкы жана катардагы деп бөлгөндүн өзү туура эмес. Мыйзам боюнча президенттин маалымат бөлүмү баардык журналисттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүп бергенге милдеттүү. Бул учурда, президенттик аппараттын маалымат кызматы журналисттердин укугун тебелегендик менен барабар.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.


Автор: Жанышбекова Чолпон

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-ant-ber-azemin-chagylduruuga-katysha-albaj-turgan-zhurnalistter-naarazy



Добавить комментарий