ЖАМК: Аида Салянованын өмүрүнө жана саламаттыгына эч кандай коркунуч жок
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын өмүрүнө жана саламаттыгына эч кандай коркунуч жок жана мындай кайрылуу болгон эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан бүгүнкү Салянованын жактоочуна жооп иретинде билдиришти.
Бүгүн Аида Салянованын жактоочусу Бишкек шаарынын №1 СИЗОдо кармалып жаткан Салянованын өмүрү коркунучта экендигин жар салган. Анын айтымында крим төбөлдөр тарабынан коркутуулар болууда.
Мындай билдирүүгө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы башкы прокурордун өмүрүнүн коопсуздугу жайында экендигин билдиришти.
“Учурда Аида Салянова Бишкек шаарынын №1 СИЗОдо аялдар бөлүмүндө кармалууда. Анын жанында дагы бир айыпталуучу бар. Ал эми Аида Салянова өзү эч кандай өмүрү же саламаттыгы тууралуу кайрылган эмес. Медициналык кызматкерлер керектүү жардамдарын үзгүлтүксүз көрсөтүп турушат. Жактоочулар дагы белгилүү тартипте жолугушууда”,- деп кабарлашты.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamk-aida-salyanovanyn-mrn-zhana-salamattygyna-ech-kandaj-korkunuch-zhok
Добавить комментарий ×