Аида Салянова ооруканадан чыкты

20 сентября 2019 12:17 1635 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова ооруканадан чыкты. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Аида Салянова №1 тергөө абагынан чыккандан кийин, 19-августта ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ага панкардит – жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши деген диагноз коюшкан. Мурдакы баш прокурор Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланды.

Туугандарынын айтымында өткөн жумада ооруканадан чыгып, учурда абалы жакшырып калды. Бирок ага операция жасатуу керек, азыр аны кайдан жана качан жасалаары такталып жатат.

Эске салсак,15-августта Биринчи май райондук соту ЖК депутатын үй камагына чыгарган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий