Жактоочу: «Аида Салянова Алмазбек Атамбаевге каршы кѳрсѳтмѳ бердиби?»
Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев ѳзүнүн социалдык баракчасында «Аида Салянова Алмазбек Атамбаевге каршы кѳрсѳтмѳ бердиби?» - деген суроого жооп жазды.
Маалыматта, Азиз Батукаевдин иликтѳѳ ишинде мурдагы прокурор Аида Салянова ММКаларга Алмазбек Атамбаевге каршы кѳрсѳтмѳ бергени тууралуу оюн жазган.
«Азиз Батукаевдин иши боюнча 14 кылмышка шектүүлѳр тергѳѳ кызматы менен кызматташууга кол коюшкан. Кызматташууга кол коюша элекке чейин алардын кѳрсѳтмѳлѳрү башка эле. Эмне үчүн бул адамдар тергѳѳ кызматы менен кызматташууга барышты? Биринчиден алар кѳп убакыт абакта олтурушту. Экинчиден алардын бирѳѳсү дагы сот жыйынтыгында мыйзамдуу, адилеттүү чечим чыгарарына ишенишкен жок. Ошондуктан 10 жыл абакта отургандын оордуна акчалай шраф менен чектелүүнү тандашты», - деген маалыматты жактоочу Замир Жоошев жарыялады.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-aida-salyanova-almazbek-atambaevge-karshy-krstm-berdibi
Добавить комментарий ×