Ала-Букада айдоочу рулга ээ боло албай, унаа сайга түшүп кетти
Поделиться в:
Ала-Букада айдоочу рулга ээ боло албай, унаа сайга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 31-августта саат 22:55 чамасында Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сырт жайлоосунда “Daewoo Labo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши 1980-жылы туулган жеңил жаракат алган. Жерине КР ӨКМнин №73 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, жабыркаган адамды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×