Жаңы окуу жылына карата жакыр үй-бүлөлөргө телевизор жана телефондор берилет

5 августа 2020 15:51 2595 10 Barometr
Поделиться в:
ok

 1-августтан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

 Учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, мониторинг жүргүзүлүүдө.

"Ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды. Ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 25-августка чейин өз убагында берүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

 2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.


Ссылка: https://barometr.kg/zhakyr-j-bllrg-televizor-zhana-telefondor-menen-kamsyz-kyluu-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий