Кайрымдуулук марафону: Жерүйдү иштеткен компаниянын подрядчысы Талас районунун тургундарына жардам берди

16 апреля 2020 12:06 1628 Barometr
Поделиться в:
ok

“Декор” ЖЧКсы Талас районундагы Кеңеш айылында жардамга өтө муктаж тургундарга кол сунду. Бул туруалуу Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын маалымат катчысы Касиет Карачолокова “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.

Аталган компания 13-апрелде Кеңеш айылында жардамга өтө муктаждарга биринчи сорттогу 2 500 кг. ун жана 250 литр өсүмдүк майын таратышты.

“Декор” компаниясы Жерүй кениндеги курулуш-монтаж иштерин жүргүзөт.

Берилген жардам айылдагы 50 үй-бүлөгө берилди.

“Альянс Алтын” компаниясынын гуманитардык акциясына подрядчы компаниялар дагы кошулууда.

Эске салсак, Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы Талас облусуна коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн эбегейсиз жардам берип жатат. Компания облуста биринчилерден болуп элге жеке коргоочу каражаттарды берген.

Белгилей кетсек, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн. Аталган каражатка Талас облусуна өтө зарыл болгон медициналык жабдуулар, коргоочу каражаттар, беткап, колкап жана антисептиктер алып келинген.

Андан сырткары Талас облустук ооруканасына ИВЛ аппараты алып келинген.

Талас облусунун 277 тургунуна “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан бир мүшөктөн ун жана күрүч таратылган. Азык-түлүк аз камсыз болгондор менен тамак-аш сатып алууга үлгүрбөй калгандарга берилген.

Баса белгилеп кете турчу нерсе Кыргызстан боюнча бир гана Талас облусунда коронавирус илдетине чалдыккандар катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakshylyk-marafonu-zherjd-ishtetken-kompaniyanyn-podryadchysy-talas-rajonunun-turgundaryna-zhardam-berdi



Добавить комментарий