Жума аягына чейин Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөт?
8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-9-апрелдерде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Нарын облусунда жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 10-апрелде күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
11-апрелде күндүз жана 12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
12-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaan-chachyn-shamal-8-aprelden-12-aprelge-chejin-aba-yrajy
Добавить комментарий ×