Өзгөндө ымыркайын 5 миң долларга сатып жаткан келин кармалды
Өзгөн шаарындагы төрөт үйүндө аял жаңы төрөлгөн баласын 5 миң долларга сатууга аракеттенгенин Ош шаардык милициясы билдирди.
Ага ылайык, 20-январда Өзгөн шаарындагы төрөтканада аял жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылып жатат деген ыкчам маалымат келген.
Ош ШИИБдин криминалдык милициясы 21-январда жаңы төрөлгөн эркек баланы соодалашып жаткан жеринен үч аялды кармаган. Алар ымыркайдын 23 жаштагы апасы жана баланы сатууга аракет кылган 45 жаштагы аял.
Соттун өкүмү менен жаңы төрөгөн келин үй камагына чыгарылса, ага жардам берген аял эки айга камакка алынды.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-ymyrkajyn-5-mi-dollarga-satyp-zhatkan-kelin-karmaldy
Добавить комментарий ×