Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев шашылыш Баткенге жөнөп кетти

29 апреля 2021 16:52 5378 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чатактардын күч алганынан байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине чыгып кетти. Эскерте кетсек, ӨКМдин Баткенге караштуу үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан куткаруучулары учурда Ак-Сай айылында", - деп айтылат маалыматта.   

Эске сала кетсек, 29-апрелде чек арада абал барган сайын курчуп, тажик тарап минометтер, гранатометтор, пулемёттор менен аткылоону баштаганын УКМК маалымдаган. 

Буга чейин, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев шашылыш түрдө Баткен облусуна учуп кеткени маалым болгон. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.

Кече, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaaldar-ministri-boobek-azhikeev-shashylysh-batkenge-zhnp-ketti



Добавить комментарий