Залкарын жоктогон калың эл. Элмирбек Иманалиевди эскерип, көзүнө жаш алган шакирттери
Кече, 17-январь алп акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болсо 43 жашка толмок. Бирок, акыныбыздан айрылганыбызга баш ийип, аны жоктоп, эл арасындагы элесин эстеп гана кала бердик. Төкмө акындын шакирттери, достору, кыздары жана замандаштары аны эскерип соцтармакка ичиндеги армандарын айтып алышты. “Барометр” да акыныбыздын элесине арналган эскерүүлөрдү топтоп, анын кылган эмгегин эстей жүрүүнү туура көрдү.
Залкар акындын туулган күнүн урматына борбор калаада аны эскерүү кечеси болду.
“Бир жыл мурун эле сенин туулган күнүңдү куттуктап, колуңдан бекем кысып, аманчылык тилесем, азыр болсо үйүңө куран окуганы эскергени баратам, Элмикем, эң акыркы жүрөктүн кылдарынын кагышына чейин, каным менен кошо айланып, оңкулдатып оюмда жашап, муң болуп муунумда жүрүп, жагымдуу элес болуп жадымда жашаарсың, ыйманың саламат, бейиштик бол досум, тынч укта залкарым”, - деп муңканып эскерүү калтырды акындын досу ырчы Сыймык Бейшекеев.
Ал эми, акын Элмирбек Иманалиевдин замандашы, жанында бирге жүргөн кесиптеши Азамат Болгонбаев ичиндеги арманын ырга салып, залкарды жоктоду.
“Бүркүт элең асманда,
Булбул элең ак таңда.
Шумкар элең кубаттуу,
Тулпар элең туяктуу.
Намыс элең жаамыга,
Калыс элең баарына.
Көсөм элең көзү бар,
Чечен элең сөзү бар.
Билгендерге акынсың
Бир жаралган асылсың.
Акындыктан танбаган,
Адамдыктан тайбаган.
Байлык топтоп сүйбөгөн,
Бийлик коштоп жүрбөгөн.
Адам менен сыйлашкан,
Аалам менен сырдашкан.
Толуп жүрүп тамчыдан,
Мухит болдуң чалкыган.
Комузуңда баян бар,
Добушуңда аалам бар!
Өлдү деген жаңылат,
Өнөр чексиз жаңырат!
Элдин руху сүйөнүп,
Элмир жашайт түбөлүк!”, - деп жазды Болгонбаев.
Акындан калган данек, анын уул-кыздары болот эмеспи. Заманыбыздын залкары, миң жылда бир жаралчу төкмө акын, көп кырдуу талантыбыздын кызы Айзуура Иманалиева да атасындай сөз багып, өнөнр аздектеген кыз. Ал да атасынын туулган күнүн утурлай эскерүү жазып, ушундай адамдын кызы болуп жаралганына сыймыктанаарын айтты.
“Мындан туура бир жыл мурун, атамдын туулган күнүнө карата жолуктук. Атам көп учурда жолугушуулары болуп, шашып турар эле. Бирок, акыркы жолугушууларыбызда тескерисинче жаныбыздан кеткиси келбей, узакка кобурашып отуруп калчу болдук.
Ал күндөн көп өтпөй жаныбыздан таппай калдык. Бүгүн болсо белегибиздин өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, атаке!
Сиздин нурдуу жүзүңүз биздин жүрөктөрдө түбөлүккө жашайт”, - деп эскерди акындын кызы Айзуура Иманалиева.
Ал эми, шакирттери акындын сөзү тургай өзүнүн баскан-турганы эле үлгү экенин айтып, таянар тоосу кулап томсоруп турушканын эскеришти.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозуна алынган чыгармаларды жараткан.
Эскерте кетсек, залкар акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелде кант диабети оорусунан улам ооруканадан каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zalkar-akyn-elmirbek-imanalievdi-muajyp-eskergen-zamandashtary
Добавить комментарий ×