Мурас-Ордодо музда ойноп жатып, 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болуп калды
Мурас-Ордо конушунда музда ойноп жатып, 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
“3 жаш бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Тилекке каршы калган 2 жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/muras-ordodo-muzda-ojnop-zhatyp-5-bala-suuga-tshp-ketip-ek-kaza-bolup-kaldy
Добавить комментарий ×