Ысык-Көлдүн тоолорунда эки киши жоголуп кетти

4 октября 2021 13:04 3273 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдүн тоолорунда эки киши жоголуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт. 

18-сентябрда 1977-жылы туулган А.М жана 1976-жылы туулган Р.М, Эңгилчек айылынан Баш-Көл тоолоруна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу алардын жакындары ӨКМга маалымдашкан.

Жоголуп кеткен бир аял жана бир эркек Бишкектин тургундары болуп эсептелет.

Жакындарынын айтымында, алар 28-сентябрда алдын ала белгиленген жерге кайтып келишмек, бирок келишкен эмес. Өз алдынча жүргүзүлгөн издөө иштери натыйжа берген жок.

Бүгүн, 4-октябрда саат 06:00дө ӨКМнын беш куткаруучусу издөө иштерин баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldn-toolorunda-eki-kishi-zhogolup-ketti



Добавить комментарий