Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир жигит каза болуп, эки адам оор жаракат алган
Бетон тосмону сүзгөн унаадан эки адам жабыркап, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматна таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл районунда саат 04:47де Бишкек-Ананьево- Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы эки адам жабыркап, 1 эркек киши 1991-жылы туулган каза болгон. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон адамдын жансыз денесин куткаруучулар унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhol-kyrsyktan-bir-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×